Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити мырзанын саламдашуу сөзү
2025/12/4
Мен Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ХИРАНО Рюити болом. 2025-жылдын 25-ноябрында Кыргызстанга келип, эртеси 26-ноябрда, Тышкы иштер министринин орун басары Абакиров М.О. мырзага ишеним грамотамдын көчүрмөсүн тапшырып, өз милдеттеримди аткарууга кириштим.
Япониянын Тышкы иштер министрлигинде көп жылдык тажрыйбам болгону менен, Кыргызстанда иштешим биринчи жолу. Бирок көптөгөн улуу кесиптештеримден жана дипломаттардан бул өлкө тууралуу абдан жакшы пикирлерди угуп келдим. Ошондой эле, элчи болуп дайындалган күндөн тартып Япониядан кеткенге чейин, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө салым кошуп жүргөн ар кандай тармактардын өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз элин көптөгөн япондуктар чын дилинен жакшы көрөрүн дагы бир жолу түшүндүм.
Бул жерде Элчи катары иштөө мүмкүнчүлүгүнө абдан кубанычтамын жана Япония менен Кыргызстандын алакалары өз ара пайдалуу негизде өнүгүп, жыл сайын чыңдала бериши үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Сиздердин мындан аркы колдооңуздарды үмүттөнөм.

Декабрь айы 2025 ж.
Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
ХИРАНО Рюити