АКЖ үчүн колдоо системасы

" АКЖ(ⅰ)-дин" негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири жапон уюму тарабынан берешен колдоо системасы болуп саналат. Бул АКЖ(ⅰ)-ге ишенимдүү жана тынчсызданбай иштөөгө өбөлгө түзөт. Иш берүүчү камсыз кыла турган колдоолор, төмөнкүлөр болуп саналат:
1. Японияга келгенге чейин, сиз түшүнгөн тилде Япониядагы жашоо жөнүндө алдын ала көрсөтмө берилет.
2. Аэропортко чейин жана кийин, сиздин келгениңизде жана кеткениңизде ташып алып баруу уюштурулат.
3. Японияда үйдү ижарага алууга, банк эсебин ачууга, уюлдук телефонго жана коммуналдык тейлөө линиясына (электр жана газ ж.б.) келишим түзүүгө жардам берилет.
4. Японияда ыңгайлуу жашоо үчүн, жапон коомунун эрежелери жана жүрүм-туруму, транспортту кантип колдонуу жана жер титирөө же башка кырсыктар болгон учурда кандай чара көрүү керектиги боюнча маалымат берүү сессиясы болот.
5. Сиз жашаган жериңиздин мэриясына чейин коштоп барып, ошондой эле резидентти каттоо, салык төлөө ж.б. сыяктуу иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берилет.
6. Андан ары жапон тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүлөт.
7. Кандайдыр бир көйгөй пайда болгондо, сиз каалаган убакта, эне тилиңизде же англис тилинде консультацияларды жана кеңештерди ала аласыз.
8. Жапон коому менен тез таанышууга жардам берүү үчүн, жапон эли менен баарлашууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
9. Эгерде сиз жумуштан компания тарабынан бошотулсаңыз же компаниянын шарттарына байланыштуу иштен кетүүгө туура келсе, башка жумуш табууга жана орношууга колдоо көрсөтүлөт.
10. Сиз менен компаниядагы АКЖны колдоо үчүн менеджердин ортосундагы ар кандай маселелерди талкуулоо үчүн үзгүлтүксүз жолугушуулар өткөрүлөт.

Кабыл алуучу уюмдар жөнундө

1.Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн, кабыл алуучу уюмдардын критериялары

  1. Чет өлкөлүк жаран менен түзүлгөн ылайыктуу эмгек келишими
  2. Ылайыктуу келген уюм (мисалы, акыркы 5 жыл ичинде иммиграция же эмгекке байланыштуу мыйзам бузулуулар болгон эмес)
  3. Чет өлкөлүк жарандарга колдоо көрсөтүү системасы (мисалы, чет өлкөлүк жарандын түшүнгөн тилинде колдоо көрсөтүү)
  4. Чет өлкөлүк жарандарды колдоо үчүн ылайыктуу план (мисалы, Японияда жашоо жөнүндөгү киришүү лекциясы бар ж.б.).

2.Кабыл алуучу уюмдун милдеттери

  1. Чет өлкөлүк жаран менен түзүлгөн эмгек келишимин ишенимдүү аткаруу (мисалы, тиешелүү сый акы төлөө)
  2. Чет өлкөлүк жарандарга ылайыктуу колдоо көрсөтүү
    катталган колдоо уюмунан тышкары жардам көрсөтүү
     Эгер бүтүн жардам тапшырылса, 1-③ анда канааттандырылган болуп эсептелет
  3. Иммиграция кызматынын агенттигине ар кандай билдирүүлөрдү берүү

Эскертүү. Эгер ①-③чейинки пункутулар аткарылбаса, чет өлкөлүк жарандарды кабыл алууга уруксат берилбеши мүмкүн жана иммиграция кызматынын агенттиги тарабынан уюмга көрсөтмөлөр жана жакшыртууга байланыштуу буйруктар берилиши мүмкүн.

Катталган колдоо уюмдары жөнүндө

1.Каттоо критерийлери

  1. Ылайыктуу келген уюм (мисалы, акыркы 5 жыл ичинде иммиграция же эмгекке байланыштуу мыйзамдар бузулган эмес)
  2. Чет өлкөлүк жарандарга колдоо көрсөтүү системасы (мисалы, чет өлкөлүк жарандын түшүнгөн тилинде колдоо көрсөтүү)

2.Катталган колдоо уюмунун милдеттери

  1. Чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү колдоо көрсөтүүнү ишке ашыруу
  2. Иммиграция кызматынын агенттигине ар кандай билдирүүлөрдү берүү

Эскертүү. ① жана ②пунктулар аткарылбаса, каттоо жокко чыгарылат.

Иммиграция кызматы, катталган колдоо көрсөтүүчү уюмдар, кабыл алуучу уюмдар жана чет өлкөлүк жарандардын ортосундагы өз ара байланыш төмөнкүдөй:
									Кабыл алуучу уюмдар чет өлкөлүк жарандар менен эмгек келишимин түзөт жана аларга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, кабыл алуучу уюмдар чет өлкөлүктөргө колдоо көрсөтүү милдетин каттоодон өткөн колдоо көрсөтүүчү уюмга аутсорсингге тапшыра алат.
									Иммиграция кызматы колдоо көрсөтүүчү уюмдарды каттайт же каттоодон чыгарат. Ошондой эле, кабыл алуучу уюмга жумуш ордунда текшерүү жүргүзүү же чара көрүү укугуна ээ.

"Атайын Квалификациялуу” чет элдик адам ресурстарын кабыл алуунун мыкты мисалдары

Төмөнкү видео 2022-жылдын март айына чейин тартылган. 2024-жылдын апрель айында "Машина тетиктери жана жабдууларды чыгаруу боюнча өнөр жайы", "Өнөр жай продукциясын өндүрүү" болуп өзгөртүлгөн.

Blossom! in Japan.

Төмөнкү видео 2022-жылдын март айына чейин тартылган. 2024-жылдын апрель айынан баштап 16 өнөр жайы кошулган.

  • Play movie in a new window:14 in demand occupations
  • Play movie in a new window:Specified Skilled Workers supported in work & life
  • Play movie in a new window:utilize your skills experience
Page Top