Атайын квалификациялуу жумушчу (АКЖ) деген эмне?

"Виза" жана "резиденттик статусу"

Жалпы эреже боюнча, Японияга келүүнү каалаган чет өлкөлүк жаран өз өлкөөcүндөгү Япониянын элчилигинде (Тышкы иштер министрлигине караштуу уюмда) “виза” алышы талап, бирок аталган визага ээ болуу сөзсүз түрдө , Японияга кирүүгө кепилдик берет дегенди билдирбейт. Японияга келгенде, сиз аэропортто Япониянын иммиграция кызматынын агенттиги тарабынан керектүү текшерүүдөн өтүп, Японияда жүргүзө турган ишиңизге ылайык "резиденттик статуска" ээ болушуңуз керек. Андыктан, "виза" жана "резиденттик статусту" алуу ар кандай уюмдардын юрисдикциясына кирген өзүнчө процедуралар болуп саналат. Бул баракчадагы киргизилген АКЖ жаңы түзүлгөн "резиденттик статусунун" бир түрү.
АКЖнын эки түрү бар, (i) жана (ii) .

АКЖнын өзгөчөлүктөрү

АКЖ катары Японияда иштей ала тургандар ден соолугу чың, 18 жаштан жогору, кандайдыр бир атайын окуудан өтпөстөн дароо иштөө үчүн керектүү кесиптик сапаттарга ээ болусу зарыл.
"Техникалык көнүгүү" деп аталган дагы бир программа бар, ал жумушчуларга өзүнүн өлкөсүнө кайтып келгенден кийин Японияда жумуш ордунда алган тажрыйбалары жана билимдери менен бөлүшүү аркылуу өздөрүнүн өлкөсүнө салым кошууга багытталган. Техникалык көнүгүүдөн ийгиликтүү өткөндөр кесиптик чеберчилик сынактарын жана жапон тилин билүү тесттерин тапшырбастан, статусун АКЖга алмаштыра алышат. АКЖ (ⅰ)жана(ⅱ) негизги өзгөчөлүктөрү берилген төмөнкү таблицаны караңыз.

Атайын квалификациялуу жумушчу

АКЖ (ⅰ): Бул белгилүү бир өнөр жай тармагында олуттуу билимди жана тажрыйбаны талап кылган жумуштарда иштеген чет өлкөлүк жарандарга тиешелүү статус.
АКЖ (ⅱ): Бул чет өлкөлүк жарандардын белгиленген өнөр жай тармактарында квалификацияны талап кылган жумушка орношуусу үчүн берилген статусу.

Туруу мөөнөтү АКЖ(ⅰ): Жалпысынан 5 жылга чейин
АКЖ(ⅱ): Жаңыртууга жана калууга чектөө жок
Жөндөм стандарттары Сынактар менен тастыкталган ж.б (Техникалык көнүгүү курсун (ii) аяктагандар сынактардан бошотулат ж.б).
Жапон тилинин деңгээли АКЖ(ⅰ): Күнүмдүк жашоодо жана жумушка керектүү болгон жапон тили боюнча жөндөмдүүлүгүн тесттер аркылуу ырастоо ж.б.
АКЖ(ⅱ)Тесттер аркылуу тастыктоо талап кылынбайт, ж.б.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн коштоосу АКЖ (ⅰ): негизинен уруксат берилбейт
АКЖ (ⅱ): талаптарды аткарса мүмкүн (жубайы, балдары)

АКЖ (ⅰ): кабыл алуучу уюмдар же катталган уюмдары тарабынан колдоо көрсөтүлөт

АКЖ катары жүргүзүлүшү мүмкүн болгон иштер
Японияда АКЖ катары иштей ала турган конкреттүү 16 өнөр жай тармактары тизмеленген.Белгилей кетсек, "Медайымдык кам көрүү", "Унаа транспорттук тармагы", "Темир жол", "Токой чарбасы" жана "Жыгач иштетүүчү өнөр жайы" АКЖ (i)-ге гана тиешелүү.

Саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин карамагында

  • Медайымдык кам көрүүМедайымдык кам көрүү (кам көрө турган адамды физикалык жана психикалык абалына жараша жуунтуу, тамак тануу, жана дефекация учурунда жардам көрсөтүү),андан тышкары башка колдоо кызматтары (эс алуу жана функционалдык машыгууга жардам берүү ж.б.)

  • Имаратты тазалоо кызматтарыИмараттын ичин тазалоо

Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин карамагында

  • Өнөр жай продукциясын өндүрүү ・Металлды кайра иштеп чыгаруу жана механикалык иштетүү
    ・Электр жана электрондук жабдууларды чогултуу
    ・Металлдын бетин тазалоо
    ・Картондон жана гофрленген картондон кутуча жасоо
    ・Бетон буюмдарын өндүрүү
    ・Жараксыз кагаздардан жана өндүрүш калдыктарынан арткан пластмассадан катуу отун жасоо
    ・Идиш-аяктар жана карапа жасалгаларын өндүрүү
    ・Басып чыгаруу / Китеп мукабалоо
    ・Кездеме өндүрүү
    ・Тигүү

Жер, инфраструктура, транспорт жана туризм министрлиги

  • Курулуш өнөр-жайы・Жарандык курулуш
    ・Архитектура
    ・Инфраструктура объектилери жана жабдуулар

  • Кеме куруу жана кеме куруу машина өнөр жайы・Kеме куруу
    ・Кеме куруу техникасы
    ・Кеменин электр жана электрондук жабдуулары

  • Унааларды оңдоо жана тейлөөУнааларды күнүмдүк тейлөө, үзгүлтүксүз тейлөө, сертификатталган тейлөө, сертификатталган техникалык тейлөөдө кезектешип иштөө

  • Авиация индустриясыАэропорттогу жердеги тейлөө кызматы (жердеги айдоо кызматтары, багажды жана жүктөрдү чыгарып берүү кызматтары), аба кемелерин тейлөө (аба кемелерин жана жабдууларын тейлөө ж.б.)

  • Турак жай өнөр жайыТурак жай кызматтарын көрсөтүү, мисалы, каттоо столунда иштөө, пландаштыруу/коомчулук менен мамиле түзүү, меймандостук, ресторан кызматтары

  • Унаа транспорттук тармагы・Жук ташуучу унаанын айдоочулары
    ・Такси айдоочулары
    ・Автобус айдоочулары

  • Темир жол・Жол куруу жана тейлөө
    ・Электр жабдууларын куруу жана тейлөө
    ・Темир жол курамын техникалык тейлөө жана капиталдык оңдоп түзөө
    ・Темир жол курамын өндүрүү
    ・Поезддерди тейлөө иштери (айдоочулар, кондукторлор, жана поездди/вагонду тейлөө менен түздөн-түз алектенген жумушчулар)

Айыл, токой жана балык чарба министрлигинин карамагында

  • Айыл чарбасыЖалпы дыйканчылык (культивациялоо, айыл чарба азыктарын жыйноо/ташуу/сорттоо ж.б.), жалпы мал чарбачылык (тукум чарбачылык, мал чарба продукциясын жыйноо/ташуу/сорттоо ж.б.)

  • Балык чарбасы жана суу чарбасыБалык чарбасы (балык уулоочу шаймандарды өндүрүү жана оңдоо, деңиз жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн издөө, балык уулоо куралдарын жана машиналарын пайдалануу, деңиз жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн кармоо, балыктарды тазалоо жана сактоо, коопсуздугуна жана сактыгына кам көрүү ж.б.), аквакультура өнөр жайы (өндүрүү, аквакультуралык материалдарды оңдоо жана колдонуу, түрлөрүн көзөмөлдөө, аквакультура жаныбарларын жана өсүмдүктөрүн чогултуу (жыйноо) жана кайра иштетүү, коопсуздугуна жана сактыгына кам көрүү ж.б.)

  • Тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүүЖалпы тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүү (тамак-аш жана суусундуктарды өндүрүү/кайра иштетүү жана санитардык коопсуздугун камсыздоо (спирт ичимдиктеринен тышкары))

  • Тамак-аш тейлөө тармагыЖалпы ресторан өнөр жайы (тамак-аш жана суусундуктарды даяр кылуу, кардарларды тейлөө, дүкөндү башкаруу)

  • Токой чарбасыТокойчулук, жыгач-устундарды өндүрүү ж.б

  • Жыгач иштетүүчү өнөр жайыТактай тилүү жана фанера өнөр жайында жыгач иштетүү ж.б.

"Атайын Квалификациялуу” чет элдик адам ресурстарын кабыл алуунун мыкты мисалдары

Төмөнкү видео 2022-жылдын март айына чейин тартылган. 2024-жылдын апрель айында "Машина тетиктери жана жабдууларды чыгаруу боюнча өнөр жайы", "Өнөр жай продукциясын өндүрүү" болуп өзгөртүлгөн.

Blossom! in Japan.

Төмөнкү видео 2022-жылдын март айына чейин тартылган. 2024-жылдын апрель айынан баштап 16 өнөр жайы кошулган.

  • Play movie in a new window:14 in demand occupations
  • Play movie in a new window:Specified Skilled Workers supported in work & life
  • Play movie in a new window:utilize your skills experience
Page Top